• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто "Мамлекеттик акселераторлор" программасынын алкагында аткарылуучу жумуштар талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.24. /Кабар/. Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу боюнча "Мамлекеттик акселераторлор" программасынын алкагында Ош шаарында иш алып барып жаткан жумушчу топ менен жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында балдарды бала бакчага камтууну жогорулатуу үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдө аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленип, Ош шаарынын аймагында үй тибиндеги жеке менчик бала бакчаларды ачуу боюнча сунуш, ой-пикирлер айтылды.

Соңунда аталган программанын алкагында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектепке чейинки билим берүү кызматын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү бар ишкер аялдарды аныктоо, тизмесин түзүү, андан кийин мамлекет тарабынан каржылык колдоо көрсөтүү боюнча иштерди алып баруу боюнча чечимдер кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий