• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эмгек министри Жалал-Абаддагы социалдык стационардык мекемелердин абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 02.12.23./Кабар/. Бүгүн эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Жалал-Абаддагы "Ак-Жол" балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна жана Сузак карылар үйүнө текшерүү сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Министр камкордукка алынгандардын кышкы жылуулук, тамак-аш блогу жана санитардык нормалардын сакталышы боюнча жашоо шарттарын текшерди.

Инспекция мекемелерде жылуулук, жашоо шарттары менен камсыз кылуу боюнча стандарттар нормаларга жооп берерин көрсөттү.

Сузак карылар жана ДМЧА үчүн ССМ 1959-жылы негизделген. Үй-интернат 120 орунга эсептелген. Бүгүнкү күндө социалдык кызматтарды алуучулардын саны 95 адамды түзөт, алардын ичинен: эркектер - 60, аялдар – 35, анын ичинде ДМЧА – 34, карылар-61.

Жалал-Абаддагы "Ак-Жол" балдар үчүн комплекстүү ребилитациялык борбору 2007 -жылы Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын алдында ачылган. 2017-жылы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине өткөн. Борбор 49 орунга ылайыкташтырылган. Бүгүнкү күндө 22 бала тарбияланууда. Алардын ичинен 12 бала, 10 кыз.

Президенттин жарлыгына ылайык, 1-жылдын 2022-январынан тарта бардык мекемелерде тамак-аштын акчалай өлчөмү 100 пайызга, бир адамга 110 сомдон 220 сомго чейин көбөйтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий