• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан 56 жаштагы аял жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.19. /Кабар/. Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы кырсыктан 56 жаштагы аял жабыркады, - деп билдирет КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында ЗИЛ-130 оор жүк ташуучу жана "Мерседес-Спринтер" жүк ташуучу унаалардын каттышуусунда жол кырсыгы катталган.

Натыйжада 56 жаштагы Ж.С., аттуу аял жабыркаган. "Жерине барган куткаруучулар жабыркаган аялды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жалпысынан төрт куткаруучу тартылды", - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий