• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 20,1 миң тонна буудай сатып алды

Экономика 0

Бишкек, 18.10.23. /Кабар/. 2023-жылдын 17-октябрына карата республика боюнча Мамлекеттик материалдык резервдер фонду 20 100 тонна аштык буудай сатып алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сатып алынган буудайдын сапаттуулугу үчүнчү класстан төмөн эмес жана илешкектиги (клейковинасы) 23% кем эмес. Бүгүнкү күндө сатып алуу уланууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда ун менен буудайды өлкөдөн ташып чыгууга убактылуу чектөө киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий