• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Пакистандын соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев Лахор шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Кашиф Анвар жана палатанын мүчөлөрү менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча пикир алмашты.

Эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун ортосунда түз ишкер байланыштарды түзүү максатында бизнес-делегацияларынын өз ара визиттерин уюштурууну, Кыргызстандын жана Пакистандын аймагында текстиль жана тамак-аш өнөр жайынын ар кандай түрлөрүнүн биргелешкен көргөзмө-жарманкелерин өткөрүүнү макулдашты.

Элчи Тотуяев Кыргызстандын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле келечектүү инвестициялык долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берди. Ар түрдүү тармактарда, тактап айтканда айыл чарба, текстиль жана фармацевтика багыттары боюнча өз ара аракеттенүүнүн чоң потенциалына көңүл бурду.

Эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүдө орун алган позитивдүү тенденциясын белгилеп, пакистандык ишкерлерди Кыргызстан менен активдүү соода жүргүзүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий