• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкектеги ипотекалык үйлөрдүн курулушу кайсы этапта экени айтылды – видео

Экономика 0


Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Мамлекеттик ипотекалык компаниядан Бишкек шаарынын Маликов көчөсү, 91 дарегинде жайгашкан мурдагы №47 колониянын ордуна салынып жаткан «Мурас» көп функционалдуу турак жай комплексинин курулушу кайсы этапта экенин айтып беришти.

МИКтен белгилешкендей, көп функционалдуу ири турак жай комплексинин курулушу бүгүнкү күндө кызуу жүрүп жатат.

Анда 39 блок көп кабаттуу үй курулат. Ушул жылы курулуштун биринчи этабында 18 кабаттан турган 11 үйдү бүткөрүү пландалып жатат.

Турак жай комплексинде 5 миңден ашуун батир курулуп өзүнүн автономдуу жылытуу системасы, бала бакча, балдар жана спорт аянтчалары, жер астындагы унаа токтоочу жайлары, соода дүкөндөрү, тамактануучу жайлары жана күндөлүк турмушта керек болгон жайлардын баары болот.

Пикир

Оставить комментарий