• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда

Ден соолук 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылдын аягында алдын ала маалыматтар боюнча 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кургак учук оорусуна чалдыгуу (анын ичинде абактарда) азайган, деп билдирет КР Улуттук фтизиатрия борбору.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы жалпысынан 4 миң 170 жаңы учур жана рецидив катталган, 2022-жылы 4 миң 568 учур, 2021-жылы 4 миң 596 учур катталган.

Кургак учуктун эң жогорку көрсөткүчү мурдагыдай эле Чүй облусунда, эң төмөнкү көрсөткүч Ысык-Көл облусунда сакталууда.

Белгиленгендей, өткөн жылы бул оорудан 180 адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий