• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларына келген туристтер үчүн каттоо журналдары ачылат - облус жетекчиси

Аймак 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларына келген туристтер үчүн каттоо журналдары ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев эс алуучуларды кабыл алуу боюнча кирген жаңы шарттар боюнча ишкерлерге түшүндүрмө берип жатып билдирген.

"Практика көрсөткөндөй каттоо коронавирус жуктурган адамдардын байланыштарын табууга медиктерге ыңгайлуу шарттарды түздү. Мындан ары ар бир туристти жана эс алуучуларды кабыл алуу жайларында бир формадагы каттоо журналдары ачылат ал жакта контакттык маалыматтар жана келген убактысы жазылат", - дейт ал.

Осмоналиев санитардык-гигиеналык нормаларды жана коюлган шарттарды аткарбаган субъекттер жоопкерчиликке тартыларын белгилеп кетти

. "Биздин негизги максат айыптардын эсебинен бюджетти толтуруу эмес, эс алуучулардын жана облус тургундарынын коопсуздугун камсыздоо болуп эсептелет",- деп белгилеп кетти Осмоналиев.

Пикир

Оставить комментарий