• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ошто бажы кызматкерлери 1,5 млн сомдук аткезчилик товарларды кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.06.20. /Кабар/. Ошто бажы кызматкерлери 1,5 сомдук аткезчилик жол менен ташылып келинген тамеки продукцияларын кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда Б.А.Н., аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унааны токтотуп текшеришкен.

Унаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы 28380 таңгак (567600 даана) акциздик маркалары жок төмөнкү тамеки продукцияларын табышкан:

  1. CAVALLO (акциздик маркасы жок);
  2. MILANO (акциздик маркасы жок);
  3. MOND (акциздик маркасы жок).

Экспертизанын берген кортундусуна ылайык кармалган товардын орточо базар баасы 1 572 100 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий