• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Оор баңгизаттарды транзиттөөчү эл аралык канал аныкталып, ага бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери оор баңгизаттардын түрлөрүн транзиттөөчүү каналды аныктоо жана анын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү өткөрүштү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган операциянын жыйынтыгында жогорку концентраттагы афган героининин партиясы алынган.

Буга чейин ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлерине болжол менен 30-35 жаш чамаларындагы азият түспөлүндөгү жаран Тажикстандан Казакстанга ири өлчөмдөгү баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Бул факт боюнча КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинин белгилери менен каралган сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мындан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 20-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунда Тажикстан Республикасынын жараны, эл аралык баңги топтун активдүү мүчөсү 1985-жылы туулган Х.М. баңгизаттарды сатуу учурунда кармалган.

Аталган иш-чараны жүргүзүү учурунда кызматкерлер сатууга дайындалган афган баңгизатынын партиясынын бардыгын табышкан.

Соттук-химиялык экспертизалык изилдөөнүн корутундусунун негизинде, табылып алынган зат 2 килограммды түзгөн Афганистанда өндүрүлгөн «героин» баңгизаты деп аныкталган.

Азыркы учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү уланууда.

Пикир

Оставить комментарий