• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, окторду аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.03.18 /Кабар/. 2018-жылдын 17-март күнү Талас шаарынын 1988-жылы туулган Ю.Ж. аттуу тургуну көчөлөрдүн биринен таап алган 28-калибрдеги сайсыз ок атуучу куралды милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен тапшырган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдын негизинде Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринин 1986-жылы туулган З.Х. аттуу жашоочусунун үйүн текшерүү учурунда эч кандай тиешелүү документтери жок, мыйзамсыз сакталып жүргөн “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 1 даана дүкөнчө, 11 даана күжүрмөн жана 8 даана жаракаттандыруучу ок атуучу куралдардын октору табылган.

Ушуга эле катар, 17-март күнү болжол менен саат 19:30 чамасында Кең-Булуң айылынын айланма жолунда жайгашкан чек ара өткөрмө пунктунан Гидростроитель айылынын 1972-жылы туулган И.Х. аттуу жашоочусунун башкаруусундагы “Лексус LX-470” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулуп, текшерүү учурунда уунаанын ичинен мыйзамсыз колдонуудагы “МР-513 МКА” үлгүсүндөгү пневматикалык ок атуучу куралы табылып алынган.

Алынган ок атуучу куралдар жана октор тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, жогоруда аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий