• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 23-декабрында Октябрь райондук милициясына “Т.А.” аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда ал ошол эле жылдын октябрь айында 7-кичирайонунда алдоо жолу менен ишенимге кирип, 2016-жылы чыккан 45 миң долларлык «Range Rover Sport» үлгүсүндөгү унаасын алып кеткен “А.” аттуу жаранга карата чара көрүп берүү өтүнүчүн билдирген.

Аталган факты Октябрь РИИБинин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Ар тараптуу тергөө жана издөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Октябрь РИИБинин криминалдык милициясынын кызматкерлери тарабынан 23 жаштагы “А.У.” аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Андан кийин КР Жазык кодексинин 98-беренесине ылайык, Бишкек шаардык ИИББ тергөө абагына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка да кылмыштуулукка катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий