• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунун башчысы Жамалдинов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту. Жыйында район жашоочулары көйгөйлүү маселелерин айтышты, - деп маалымдайт облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Сары-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Зиядин Жамалдиновго кайрылып, жол көйгөйүн чечип берүүнү суранды. Анткени акыркы күндөрү жааган жаандан улам таш аралаш сел жүрүп, Сары-Булак айылынын негизги көчөсү начар абалга кептелген. Аталган айыл өкмөтүнүн башчысы жолду сүрдүрүп берүүгө техника бар экенин, бирок күйүүчү майга каражат жок болуп жатканын белгиледи. Зиядин Жамалдинов өз каражатынан күйүүчү майга акча берээрин айтып, тез арада жол көйгөйүн чечүүгө тапшырма берди.

Ал эми Калматай айылынын башчысы айылындагы электр зымдарын ирээтке келтирүү тууралуу маселе көтөрдү. Зиядин Жамалдинов аталган маселени чечүү үчүн Кара-Кулжа районунун электр тармактар ишканасына 20 күндүк мөөнөт берди.

Кара-Кулжа районунун тургуну туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана башка документтерди алуудагы кыйынчылыктар, айрым документтик иштерди бүтүрүү үчүн Өзгөн районуна барууга туура келип жатканын айтты. Ош облусунун башчысы аталган маселе боюнча тиешелүү министрликтерге кайрыларын билдирди.

Райондо медициналык кызматкерлери жетишсиз экени айтылды. Зиядин Жамалдинов бул көйгөй тууралуу кабары бар экенин белгилеп, Медициналык окуу жайлар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий