• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Он, жыйырма жылдыкка карата чогулуштарды өткөрүүгө болбойт – өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Он, жыйырма жылдыкка чогулуштарды өткөрүүгө болбойт. Бул тууралуу ойлайн брифинг учурунда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, алар коронавируска чейин эле ыксыз чыгымдарды азайтуу боюнча элге кайрылып келген.

"Кээ бир айылдарда, райондордо биздин жарандарыбыз бизден эстелик калсын деп мектептин, айылдын инфраструктурасын оңдоого көмөк кылып, балдарга китеп, компьютер алып берип жатышат. Ушундай иштерге чакырабыз. Анын үстүнө карантин учурунда чогулабыз деген туура эмес. Муну бийликтин талаптарын одоно бузуу деп эсептейбиз. Карантин качан бүтөрүн билбейбиз. Ошондуктан жыйырма жылдыкка деген даярдыктарды токтоп турсаңыздар деп кайрылабыз. Шарт болсо бир нерсе жасап бергиле деп суранбайбыз, бирок чогулбаңыздар деп суранабыз", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий