• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык органдары менен банк мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттешүү тартибинин өзгөрүшү боюнча МСКнын комментарийи

Экономика 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. КРнын Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын жаңы Салык кодексинин долбоорунда каралган салык органдары менен банк мекемелеринин өз ара аракеттешүүсүнүн тартиби жөнүндө ММКдагы маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө эксперттик жумушчу топтун иши аяктай электигин билдирет.

Буга ылайык, ченемдик укуктук актынын долбоору азыркы учурда коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлган эмес жана иштелип чыгуу стадиясында турат.

Коомдук талкууга ченемдик укуктук актынын киргизилген сунуштарды эске алуу менен жеткире иштелип чыккан варианты гана чыгарыла тургандыктан, бул тема боюнча ар кандай маалыматтарды жайылтуу эрте болуп саналат.

Белгилей кетсек, учурда эксперттик жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, бул топко мамлекеттик органдардан жана көз карандысыз эксперттерден тышкары бизнес-коомчулуктун, анын ичинде банк секторунун өкүлдөрү тартылган.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы салык мыйзамдарында маалымат алмашуу жолу аркылуу салык органдары менен банк мекемелеринин өз ара аракеттешүү тартиби каралган жана салык органдары тарабынан өз милдеттерин аткарууда толук колдонулат.

Аталган долбоордун алкагында каралып жаткан иш аракеттердин жаңы тартибин киргизүү конкреттүү механизмдерди орнотуу жана процесстерди автоматташтыруу жолу менен жакшыртууга багытталган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 54-беренесинин ченемдерине ылайык салык төлөөчү жөнүндө салык органы тарабынан алынган ар кандай маалыматтар салыктык сырды түзөт жана мыйзам тарабынан так корголот.

Пикир

Оставить комментарий