• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Экономика министрлиги: Азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды сыртка чыгарууга чектөө киргизилген

Экономика 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Ички рыноктун суроо-талаптарын камсыздоо үчүн кыргыз өкмөтү азык-түлүктөрдү жана керектелүүчү товарларды сыртка чыгарууга чектөө койгондугун Экономика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ошол эле учурда ички рынокто суроо-талап жок болгон бирин-экин товарлардын сыртка чыгарылышына уруксат берилди. Мындан тышкары, айрым дары-дармектерге жана медициналык каражаттарды да Кыргызстандан чыгарууга тыюу салынган.

"ЕАЭБ биримдигине кирген мамлекеттерде да коронавирус пандемиясына байланыштуу оперативдүү иш-чараларды ишке ашыруу, экономикалык абалды жөнгө салуу боюнча ЕАЭБ коллегиясынын тарифтик эмес жөнгө салуу тууралуу чечими чыгып, анда жеке коргонуучу каражаттарды, дезинфекциялоочу каражаттарды, медициналык багыттагы материалдар менен каражаттарды башка өлкөлөргө чыгарууга убактылуу тыюу салынган. Мындан тышкары, бир катар азык-түлүктөрдү, жашыл-жемиштерди да ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып чыгууга тыюу салынган", - деп айтылат маалыматта.

Экономика министрлиги ошондой эле эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жана илдетти өлкөгө жайылтпоо үчүн Кыргызстанда жүк ташуучу автомашиналардын жүрүүсү да өзгөргөнүн билдирет. Бул өзгөрүүлөр жүк ташууларды үзгүлтүксүз кылып жана ички рынок үчүн зарыл болгон товарлардын убагында келүүсүн камсыздап, экспортко чыгып жаткан продукцияларды да калыбында кармоого жардам берди.

Мындан тышкары, ЕАЭБ алкагындагы келишимдерге ылайык, жүк ташуучу транспорттордун белгилүү шарттарды карманып, “жашыл коридор маршрут” менен кирүүлөрүнө жол ачылды. Товарларды да токтоосуз алмашып туруу боюнча бул биримдикке кирген өлкөлөр менен келишимге жетишилген.

Бүгүнкү күндө "Торугарт" бекетин ачуу боюнча Мамлекеттик бажы кызматы кытайлык тарап менен иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий