• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Ошто кооптуу аймактарда жашагандарга эскертмелер берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.03.23./Кабар/. Кечээ, 11-марттө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери Ош облусунун Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүндө болушту.

Ведомстводон билдиришкендей, аталган айыл өкмөттүн Кызыл-Ой айылында жер көчкү кооптуулугу бар аймакта жашаган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Мындан сырткары, Алай райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн Жарандык Коргонуу бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан коопсуз аймакка көчүп чыгуу жана жер кыртышына көзөмөл жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери менен кошо атайын эскертмелер таратылды.

Пикир

Оставить комментарий