• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Панфилов районунда 54,5 млн сомго мектеп курулат

Аймак 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Чүй облусундагы Панфилов районунун Чорголо айылында 110 орунга ылайыкташтырылган мектеп куруу пландалууда.

Сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендер Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин каптиалдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланды.

Тендердин суммасы 54 млн 571 миң 3 сомду түзөт. Конкурстук табыштамаларды 26-мартка чейин тапшыруу зарыл.

Пикир

Оставить комментарий