• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Акылбек Жапаров: Учурда билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт

Өкмөт 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. Бүгүнкү күндө билим берүү системасы минималдуу талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы ошол себептүү кыска убакыттын аралыгында мектептердин окуу программаларын толук ыңгайлаштыруу боюнча планды көрсөтүүнү тапшырды.

Акылбек Жапаров чогулгандарды келе жаткан 8-март — Айымдардын эл аралык күнү менен куттуктап, аларга ден соолук, бакубатчылык жана ийгиликтерди каалады.

Акылбек Жапаров билим берүү тармагы өлкөнүн келечегинин өзөгү экенин жана өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын баса белгиледи.

“Бизге билим берүү тармагында кардиналдуу өзгөрүүлөр керек. Биз ар бир окуучунун потенциалын толук ачууга милдеттүүбүз. Алардын ар бирине Кудай талант берген. Мектептердин жана мамлекеттин милдети - ар бир окуучуга жеке мамилени табуу жана ага өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон ресурстарды берүү. Адамдык капитал – биздин эң чоң байлыгыбыз. Мамлекет башчысы тарабынан социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча алдыга коюлган амбициялуу максаттарга жетүүнүн негизги шарты – бул эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана жаштарыбыздын билиминин жана жөндөмүнүн сапатын бир нече эсеге жогорулатуу”, - деди Акылбек Жапаров.

Коллегиянын жыйынтыгында ошондой эле жогорку окуу жайларга жана илимий мекемелерге бир катар тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий