• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда диний мекемелерге санитардык эрежелердин сакталышы боюнча рейд жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында жайгашкан диний окуу борборлорду текшерүү максатында Жалал-Абад шаардык мэриясы, санэпидкөзөмөл борбору, өрт өчүрүү кызматы, соцкызматкерлер жана шаардык милиция менен биргеликте комиссиялык топ, санитардык талаптардын аткарылуусу боюнча рейдге чыгышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Анда имараттарды дезинфекциялоо, аралыкты сактоо, санитардык эрежелердин сакталышына жана кызматкерлердин беткап тагынуусуна көңүл бурулду. Айрым медреселерде санитардык талаптар аткарылбастан, көп санда балдардын окутулуп жатканына комиссиялык топ күбө болушту. Тийиштүү тармактын адистери медресе жетекчилигине кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөрдү беришти.

Алдыда мындай текшерүү шаардагы мечиттер менен катар медреселерде да улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 30 мечит бар. Анын 15и жума намаз окулуучу чоң мечиттер, калганы намазканалар. Ошондой эле калаада эки балдар, бир кыздар медресеси ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий