• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында Энелер күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 19.05.22. /Кабар/. Күн мурун, 18-майда, Ош шаардык мэриясында Энелер күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, шаардын ардактуу айымдарын, баатыр энелерди шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова куттукташты.

Чогулгандар үчүн шаардык маданият бөлүмү тарабынан майрамдык концерттик программа уюштурулду.

Иш-чарага жалпысынан 250 аял катышып, ар бирине белектер тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий