• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасындагы курулуш иштери 48%га аткарылды

Аймак 0

Бишкек, 22.09.20. /Кабар/. Ош шаарындагы тез курулуучу жугуштуу оорулар ооруканасындагы курулуш иштери 48%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Архитектура агенттигинен билдиришкендей, Ош шаарындагы эксперименттик тез курулуучу 100 орундуу оорукананын курулушу "Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" каржылоосу менен 2020-жылдын 25-июлунда башталган.

"Учурда буйрутма аткаруучу компания тарабынан оорукананын эски имаратынын бузуу иштери аткарылып, жаңы имараттын пайдубалы, темир конструктивдик фермалар жана устундар орнотулду. Ошондой эле ички жылытуу системасы, суу түтүктөрү орнотулуп, канализация тартылды. Азыркы тапта ички тосмолорду орнотуу, чатырын жабуу, терезелерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө", - деп билдирет агенттик.

"Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" тарабынан оорукананын курулушуна 50 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий