• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ноокенде ФАП, мечит жана балдар бакчасын камтыган комплекс пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 24.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-декабрда Ноокен районунун Кызыл-Туу айылына фельдшердик-акушердик пункт, мечит, балдар бакчасына кошумча имаратты камтыган комплекс курулуп, пайдаланууга берилди.

Райондук администрациядан билдиришкендей, ачылышка Ноокен райондук акими Таалайбек Ишенбеков, "Ассанабилл" кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштар ассамблеясынын Жалал-Абад облусу боюнча көзөмөлдөөчүсү К.Нусубалиев, Достук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бекибаев, айылдык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү тургундар катышты.

Комплекс заманбап эмеректер менен жабдылып, жарандарга бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Аталган долбоор Ноокен районун акими Таалайбек Ишенбековдун чакыруусу менен келген Бүткүл дүйнөлүк мусулман жаштары ассамблеясы тарабынан колдоого алынып, каржыланган. Курулуш иштерине 15 млн сомго жакын каражат жумшалган. Айыл өкмөт тарабынан 1 млн сомдон ашуун каражат бөлүнүп, тосмолоруна жана брусчатка басууга кеткен. Калган иштер демөөрчүлөр тарабынан жасалган.

Пикир

Оставить комментарий