• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда жүргүнчүлөрдү ташуучу унааларга рейд өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.12.22. /Кабар/. Жол кырсыктарын азайтуу, алдын алуу максатында Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан облус аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу унаалардын айдоочуларына карата атайын рейд өткөрүлүүдө.

Облустук милициядан билдиришкендей, рейд учурунда автобекеттерде жүргүнчү ташуучу автоунаалардын техникалык абалы текшерилип, жайкы дөңгөлөктү кышкы дөңгөлөккө алмаштыруу, унаанын бардык тетиктери оң абалда болгон учурда гана каттамга чыгаруу талаптары коюлду.

Мындан сырткары, жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенген мекемелердин жетекчилерине, тийиштүү кызмат адамдарына эскертмелер берилди.

Пикир

Оставить комментарий