• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунда жол кырсыктарын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 10.12.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун аймагында жол кырсыктарын алдын алуу максатында айдоочулар жана мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан тынымсыз жүргүзүлүп келүүдө.

Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришкендей, учурда мектеп окуучуларына "Коопсуз жол" иш-чарасы өтүүдө. Ошондой эле “Балдар биздин келечек” аталышындагы иш-чаранын алкагында жаш өспүрүмдөр менен жолугушуулар болуп жатат. Анын алкагында келечек ээлерине жол эрежелери боюнча маалыматтар берилип, алардын кызыктырган суроолоруна жооптор айтылып, түрдүү интеллектуалдык оюндар өткөрүлүүдө.

Мындан сырткары, айдоочуларга унаалардын дөӊгөлөгүн сөзсүз түрдө кышкы мезгилге ылайык келтирүү талабы коюлууда. Адам өмүрү баарынан кымбат экендиги эскертилип, унаада бара жаткан жарандардын коопсуздугун эстен чыгырбоо зарылдыгы жеткирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий