• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда дан эгиндеринин жана пахтанын 116 сорту сыноодон өткөрүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 27.06.23./Кабар/. Ош облусунда дан эгиндеринин жана пахтанын 116 сорту сыноодон өткөрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде күздүк буудайдын - 35, жазгы буудайдын - 6, жазгы арпанын - 15 соту, жүгөрүнүн - 40 гибриди жана пахтанын - 20 сорту бар.

Президенттин өкүлү Элчибек Жантаев өлкөдө чыгарылган жана чет өлкөлөрдөн алып келинген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сортторун облустун шартында сыноодон ийгиликтүү өткөн өсүмдүктөрдүн жыйынтыгы менен жеринде танышты.

Облус башчысы дыйкандарды жаңы сапаттагы үрөндөр менен камсыз кылуу, айыл чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, продукциянын сапатын жакшыртуу жана экологиялык таза айыл чарба системасын түзүү негизги багыттарынын бири экенин баса белгилеп, сыноодо жакшы натыйжа берген айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жайылтуу жана калкты экологиялык таза дан азыктары менен камсыздоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасын берди.

Мындан сырткары, "Таширов" айыл чарба үрөнчүлүк кооперативине барып, чарба тарабынан жаңы сорттогу себилген үрөндөрдүн сапаты жана техникалык базасы менен танышты.

Кооперативдин жетекчиси Зарипбек Жоошбеков пахтанын эгиндерин өстүрүүдө ар бир гектардан алынып жаткан түшүмдүүлүк жылдан-жылга алдыңкы агротехникалык ыкмалардын негизинде 40-45 ц/га, ал эми кылкандуу дан экиндери 47-65 ц/га чейин жогорулап жаткандыгын жана кооперативдин техникалык-материалдык базасын чыңдоо менен заманбап техникаларды алып келинип, дыйкан-фермерлерди сапаттуу үрөндөр менен камсыздап жатканын билдирди.

Жыйынтыгында өкүл үрөндүн натыйжалуулугуна ыраазычылык билдирип, оруп-жыйноо иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө келерки жылдын эгиндерин пландаштырууда продукцияга суроо-талаптарды, рыноктогу керектөөчүлөрдү жана башка бардык факторлорду анализдеп, дыйкандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү иштерин алып барууну тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий