• 88.68
  • 95
  • 0.95

Республикалык штабдын 3-майга карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 03.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган жаңы 26 учур катталды. Учурду коронавирус жуктургандардын жалпы саны 795ти түзөт.

Республикалык штабдын 3-майга карата маалыматы:

Коронавирус жуктургандардын жалпы саны – 795. Анын ичинен:

* Бүгүнкү күнгө карата дагы 37 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Айыккандардын жалпы саны 564кө жетти.

*Ооруканада 221 бейтап дарыланууда, анын ичинен төртөө реанимацияда жатат.

* Коронавирустан 10 адам каза болду.

- Коронавирус жуктургандардын 60%дан ашыгында оору белгилери жок өтөт.

- Өзгөчө абал режими учурунда 150 мамлекеттик орган аралыктан иштеп, 25 миӊ электрондук документти иштеп, карап чыккан.

- Дубайдан 180 кыргызстандыктар кайтып келди.

- Ысык-Көлдө облус аймагынан чыгууга тыюу салынды.

- Өткөн суткада өлкө боюнча коменданттык саатты бузган 110 жаран кармалды.

Пикир

Оставить комментарий