• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дарыгер гепатит менен ооругандарды COVID-19га каршы эмдөөдөгү каршы көрсөтмөлөр жөнүндө айтып берди

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин дарыгер-эпидемиологу Султан Турусбеков брифингде COVID-19га каршы эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр, боор оорулары менен жабыркагандар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, гепатит менен ооругандарды COVID-19га каршы эмдөөдө төмөндөгүдөй каршы көрсөтмөлөрү бар:

- Гепатит оорусунун курч мезгилинде;

- Өнөкөт оорусунун өрчүп турган мезгили;

- Цирроз түрү;

- Фульминанттык формасы;

- Биохимиялык көрсөткүч жогору болгондо;

- Боорду трансплантациялоодон кийин;

- Боордун рак оорусуна айланган учурда.

Пикир

Оставить комментарий