• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө облустук жана райондук милиция кызматкерлеринин күжүрмөн даярдыгы текшерилди

Коом 0

Бишкек, 13.02.23. /Кабар/. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын борбордук аппаратынын жана райондук бөлүктөрүнүн күжүрмөн даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги алдында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын 2023-жылдагы уюштуруу мерчемине ылайык 2023-жылдын 13-февраль күнү саат 05:30до Чүй ОИББнын борбордук аппаратынын жана райондук бөлүктөрүнүн өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгын текшерүү максатында “айгай” белгиси боюнча көтөрүп, уюштуруу башкаруучулук чечимдеринин аткарылышы жана кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгы текшерилди.

“Айгай” белгиси боюнча көтөрүүдө атайын буйруктарда көрсөтүлгөн убакыттын ичинде Чүй ОИИББы, Сокулук, Москва, Жайыл, Панфилов, Аламүдүн, Ысык Ата, Чүй, Кемин РИИБү жана Токмок ШИИБы боюнча өздүк курамдын чогулушу белгиленген мөөнөкө ылайык “жакшы” деген баага татыктуу болду.

Жыйынтыгында чогулган жалпы өздүк курамга саптык кароо жүргүзүлүп, жалпы мазмундагы бир катар кемчиликтер аныкталды. Алар негизги иш пландары жана ИИМге тиешелүү атайын пландарда бир катар кемчиликтер орун алган.

Орун алган кемчиликтерди тез арада жоюу боюнча ИИМ жетекчилиги бир катар тапшырмаларды белгилеп, кайрадан текшерүүгө ала тургандыгы белгиленди.

Мына ушундай кызматкерлердин күжүрмөн даярдыгын текшерүү мындан ары да улантылмакчы.

Пикир

Оставить комментарий