• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддагы эс алуу жайлары жаңыланууда

Аймак 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарындагы жаштардын багы аталган Токтогул көчөсүндөгү аллея жаңыланууда. Шаардык Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти андагы отургучтарды, темир тосмолорду оңдоп, сырдап, жакшы абалга алып келүүдө. Ошондой эле көчөлөргө шаар көрк жана жарык берген жол чырактары коюлуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган департаменттин жетекчиси Саид Жакыповдун айтымында, Токтогул аллеясы жаңыланууга жана тургундар тарабынан аяр мамилеге муктаж болуп келет. Анткени жыл сайын оңдоп-түзөтүүдөн өткөрүлгөнү менен отургучтары сынып, жада калса сыртындагы тосмолор да уурдалып кеткен учурлар бар.

Шаардык коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти аллеяны жаңылап, сынган отургучтардын жана таштанды урналарынын, тосмолордун ордуна жаңыларын орнотуу менен отургучтар, тосмолор сырдалып, аллеяга жаңы өң берилүүдө.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарында 2500 даана кечки жарыктандыруучу чырактар бар, аларга дагы 400 чырак кошулууда. Ал үчүн шаар бюджетинен 1 миллион 800 миң сом каралган. Ал эми Токтогул аллеясы Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаментине керек-жарак үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен жаңыланууда.

Пикир

Оставить комментарий