• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ал даратканада – Кармалган жаран кайда экендигин түшүндүрүп бере албаган ИИБ кызматкерлери

Аймак 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Нарын ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкерлери убактылуу кармоочу жайындагы адам кайсыл жерде экендигин түшүндүрүп бере алышкан жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Нурдин Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, борбордун кызматкерлери тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө изолятордо автоунааны мас абалында башкаргандыгы үчүн кармалган бир гана адам болгон.

“Ал адам беш күнгө камалган. Биз келгенде ал ордунда жок болуп чыкты. Милиция кызматкерлери алгач ал даратканада кийин дүкөндө деп айтышты. Жарым сааттан кийин гана кармалган адам өзү “энтиккен абалда” чуркап келди”, - деп билдирди Сулайманов.

Ал бул мыйзам бузуу болуп санала тургандыгын айтты.

“Кабар” агенттигине ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, кармалган адамды чындыгында эле даратканага алып чыгышкан.

“Убактылуу кармоочу имараттын ичинде дараткана иштебейт, ошондуктан милиция кызматкерлери аны башка жакка алып чыгышкан” - деп билдиришти ИИМден.

Пикир

Оставить комментарий