• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде унаадан өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.21./Кабар/. Баткенде унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 23-июнда саат 03:21 Кызыл-Кыя шаарындагы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 85-86 чакырымында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил унаадан өрт чыккан.

Өрттүү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 03:37де өрт курчоого алынып, саат 03:46 өрт толук өчүрүлдү.

Өрттүн кесепетинен унаанын алдыңкы кыймылдаткыч бөлүгү жана салону күйгөн.

Унаанын ичинде эчким болгон эмес жана кимге таандык экендиги, өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий