• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кочкор районунда жаңы мал базары курулат

Аймак 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Нарын облусунун Кочкор районунда бардык шарты менен заманбап мал базары курулат.

Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, күн мурун, 11-январда облус башчысы Алтынбек Эргешов жаңы курула турган мал базардын баштапкы долбоору менен таанышты.

Кочкор районунун акими Эрмекбай Омошев маалымдагандай, Кочкор районунун Ак-Кыя айылында курула турган мал базардын аянты 11,46 гектарды түзүп, 250 баш жылкы, 300 баш ири мүйүздүү мал, 800 баш майда жандык бата тургандай салынат.

Мындан сырткары, 58 жүк ташуучу, 400 жеңил автоунаа бата турган унаа токтоочу жай курулат.

Пикир

Оставить комментарий