• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дотациялык райондордо өндүрүш ачылса алар салыктардын бир топ түрлөрүнөн бошотулат

Экономика 0

Бишкек, 08.06.18. /Кабар/. Дотациялык райондордо өндүрүш ачылса алар салыктардын бир топ түрлөрүнөн бошотулат. Бул тууралуу «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын Ош шаарында өтүп жаткан кезектеги жыйынында айтылды. Бул жолку көчмө жыйындын кароосунда бир гана маселе. Ал - Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында “Аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүү” аракеттери.

Жыйынды фракция лидери Бакыт Төрөбаев ачып, областтарда жумуш орундарын түзүүдө МТС, “Жарык шаар” долбоорлору үлгү боло ала турагандыгын белгиледи.

КР Өкмөт өкүлү Данияр Иманалиев баяндама жасап, “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын жана “2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш чаралардын планын тааныштырды.

"Айыл чарбаcын каржылоо – 5" долбоорунун негизинде дыйкан – фермерлердин 15 миң товар өндүрүүчүсүнө жеңилдетилген кредиттер берилген. Кыргыз –орус өнүктүрүү фондусу аркылуу 276 млн. долларга долбоорлор даярдалды. Коммерциялык банктар эгер ушул жумуш орундарын түзүүгө катышса, өз портфелинин 50% каражатын жумшасын деген сунуштар каралууда. Кепилдик фонду аркылуу да 446 млн. сомдук каржылоо иштери жүргүзүлөт. Бирок, күрөө маселеси бир аз түйшүктү жаратууда. Кредиттердин пайыздык өлчөмүн 6%га чейин төмөндөтүү жактары да пландалууда, - дейт Д.Иманалиев.

Баяндамада айтылгандай, 363 ар кандай айыл чарба техникалары лизингдик шартта берилген. Кооперативдерге да колдоо көрсөтүлүп, логистикалык борборлорго жана машина – трактордук станцияларга олуттуу көңүл бурулууда. "Дотациялык райондордо өндүрүш ачылса алар 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө жер, мүлк жана киреше салыктарынан бошотулат. Технополис түзүүгө да өзүнчө жер бөлүнүп берилген", - деди өкмөттүн атынан баяндама жасаган өкүл.

Көчмө жыйындын ишине депутаттар Б.Төрөбаев, З.Жамалдинов, А.Жунус уулу, А.Узакбаев, Т.Шайназаров жана өкмөт өкүлдөрү менен Ош, Жалал - Абад жана Баткен областтарынан келген жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен ишкерлер тобу катышууда.

Пикир

Оставить комментарий