• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарындагы №177 көчө толук оңдоодон өтөт

Аймак 0

Бишкек, 04.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аймакта жайгашкан №177 көчөнү капиталдык оңдоодон өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, буга чейин "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары аталган жолду оңдоп-берүү өтүнүчү менен мэрге кайрылышкан.

Долбоор боюнча аталган көчөгө 2 катмар асфальт төшөлүп, тротуар салынып, ирригациялык тармактар тартылып, жарыктандыруу орнотулат.

Жолдун жалпы узундугу 2,33 чакырым, туурасы 9 метрди түзөт.

Пикир

Оставить комментарий