• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто окуучулар арасында өрт коопсуздугу боюнча сынак өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Ош шаарынын Жапалак айыл аймагындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы №34 орто мектебинде окуучулар арасында өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча сынак өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуучулар командаларга бөлүнүп, өрт болгон мезгилде кантип коргонуу керектигин практикалык түрүндө көрсөтүштү.

Мектеп жамааты уюштурган сынакка ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери калыс катары катышты.

Сынактын жыйынтыгында активдүү катышкан окуучулар сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий