• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто С. Касымбеков көчөсүндөгү айлампа жаңыланат

Аймак 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Ош шаарындагы С. Касымбеков жана Курманжан-Датка көчөлөрүнүн кесилишинде (болжол шаардык ЖКК имараты) жайгашкан айлампа жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинаты тарабынан толугу менен жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп, ондоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, мында инсталляцияга жаңы көрүнүш берилип, айланасына гүлдөр эгилип, жашылдандырылат. Суугаруу жаңы системанын жардамы менен ишке ашат.

Белгилей кетсек, Ош шаарында ишкана тарабынан жалпы узундугу 1 чакырым аралыктагы жашыл аймактарды суугаруу тутуму жаңы заманбап ыкмага өткөрүлгөн

Пикир

Оставить комментарий