• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто ӨКМдин кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Ошто ӨКМдин кызматкери пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун Пара берүү беренеси боюнча катталган кылмыш ишинин алкагында УКМКнын ыкчам кызматкерине пара берип жаткан учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Ж.Ж. кармалды.

Белгиленгендей, Ж.Ж. акчаны бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн берген.

Шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди. Тергөө жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий