• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал - Казарман тилкесине таш түштү

Аймак 0

Бишкек, 04.10.23./Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал - Казарман тилкесинде (270-274-чакырым аралыгы) таш кулап, тазалоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тоо боорунан кулаган таштардын – көчкүнүн жалпы көлөмү 15 миң м3 түзөт. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын № 18 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

"Жаратылыш кырсыгы 4-октябрга караган түнү катталган. Жабыркагандар жок. Учурда жолдун эки тарабында турган 25-30 чакты унаалар өткөрүлүп, тазалоо иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий