• 88.68
  • 95
  • 0.95

Токаевдин Бишкекке сапары эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы дем берет — саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Кечээ, 26-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келип, жогорку даражалуу мейманды “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.

Эки өлкөнүн башчылары тар жана кеңири форматта жолугушуу өткөрдү.

“Токаевдин сапары эки өлкөнүн кызматташтыгына жаңы дем берет. Мамилелердин жана кызматташтыктын динамикасынын абдан жогорку деңгээли байкалууда”, - деп билдирди саясат таануучу Марс Сариев.

Сариев Казакстан Кыргызстандын Россия жана Кытайдан кийинки ири соода өнөктөшү экенин белгилеп өттү.

“Быйыл Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду. Бул мезгилде өз ара кызматташуу кеңейип, өлкөлөр ортосундагы достук мамилелер дагы бекемделе баштады. Бардык деңгээлдерде өз ара ишенимге негизделген саясий диалог түзүлдү. Мамлекеттер, парламенттер жана өкмөттөр аралык кеңешмелер пайда болуп, эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин ортосунда тыгыз координация түзүлдү. Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Ошондой эле Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев биргелешкен билдирүүгө кол коюшту”, — деди саясат таануучу.

Пикир

Оставить комментарий