• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕАЭБ лидерлери бүгүнкү саммиттин жыйынында кандай маселелерди карашат?

ЕАЭБ 0


Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Бүгүн ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Евразиялык экономикалык комиссиянын расмий өкүлү Ия Малкина билдирди.

Анын айтуусуна караганда, саммиттин күн тартибинде 15 маселени талкуулоо пландаштырылган.

"Мамлекет башчыларына 2021-жылдын жыйынтыгы менен 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берилет. Андан тышкары, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин 2022-2023-жылдарга макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, 2021-жылга ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды четтетүү боюнча иштердин жыйынтыктары, ЕАЭБ эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана башкалар каралат. Тема абдан актуалдуу", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүнкү ЖЕЭК жыйынын видеоконференция форматында өткөрүү чечими учурдагы эл аралык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынган.

Кыргызстандын президентинин, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин төрагасы (ЖЕЭК) Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтчү жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышат.

Эске салсак, 2022-жыл ичинде Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

Пикир

Оставить комментарий