• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстан менен Казакстан айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол койду

Экономика 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Казакстандын Айыл чарба министрлигинин ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюлду. Бул тууралуу КР Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, документ тараптардын кызматташуу ниетин жана айыл чарба тармагында кызматташуунун практикалык чараларын илгерилетүүнү көздөйт.

Экинчи документ – Кыргызстандын министрлер кабинети менен Казакстандын өкмөтүнүн ортосундагы чек арага жакын аймактарда табигый өрттөрдү алдын алуу жана өчүрүү боюнча макулдашуу.

“Макулдашуу чек арага жакын аймактарда өрттүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча иш-чараларды өркүндөтүп, андан келтирилген зыянды азайтат. Ошондой эле токой өрттөрү менен күрөшүүдө өз ара жардам көрсөтүүгө жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий