• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Финансы министри 2021-жылдын жыйынтыгы тууралуу айтып берди

Экономика 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. КР финансы министри Алмаз Бакетаев коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун 2021-жылы аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.

“Министрликтин алдына коюлган максаттардын бары жакшы жана жогорку деңгээлде аткарылды. 2021-жылдын аягында биз бюджетти 2022-жылга карата оң баланс менен бүтүрдүк. Азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, коргоо жөндөмдүүлүгү жаатында чоң иштер аткарылды”, - деди ал.

Муну менен катар ведомство башчысы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өзүбүздүн каражатка аскер техникасы, андан тышкары буудай үрөнү жана коронавируска каршы вакцина сатылып алынганын белгиледи.

“Мындан тышкары, КР Саламаттык сактоо министрлигинин линиясы боюнча дары-дармекке болгон карыз толугу менен жабылып, аны менен катар 2-3 айлык дары-дармектин кору түзүлдү”, - деди Бакетаев.

Буга кошумча анын айтымында, акыркы бир жылда айрым категориядагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын социалдык төлөмдөрү да жогорулаган. Бул иш-чаралар 2022-жылы улантылат.

“Жыйынтыгында 2021-жылы министрликтин алдына коюлган милдеттер аткарылды, бирок дагы көп маселелер бар, анда биз абалды жакшыртууну көздөйбүз. Анын ичинен эң эле олуттуусу салык жыйымдарын жогорулатуу болуп саналат. Азыркы учурда бул багытта Мамлекеттик салык жана бажы кызматтары менен биргеликте иш алып баруудабыз. Негизги максат санарип технологияларынын жардамы менен салык процессин заманбапташтыруу болуп саналат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий