• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте финансылык сабаттуулуктун негиздери боюнча окутуу семинары өттү

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май акимчилигинде райондун мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлери жана өнөр жай ишканаларынын өкүлдөрү үчүн «Финансылык сабаттуулук» деген темада окутуу өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты экономика жана каржы тармагындагы финансылык сабаттуулукту жогорулатуу болуп саналат.

Семинардын жүрүшүндө баяндамачылар жеке каржыны башкаруу, пенсиянын топтолгон бөлүгүн үнөмдөө жана инвестициялоо, ошондой эле мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө айтып беришти.

Семинардын катышуучулары финансылык сабаттуулукка үйрөтүү маселесине кызыгып, жалпы талкууга жигердүү катышышты, ошондой эле кызматкерлер каржы тармагындагы көйгөйлөрдү жана аларды чечүүнүн жолдорун талкуулашты.

Окутуунун аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Семинар «Кыргызстан» пенсия топтоо фонду жана «Центр Профи KG» ЖЧКсы тарабынан уютурулду.

Пикир

Оставить комментарий