• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кытайдагы абалга байланыштуу башка рынокторду караштырып жатабыз – Муканбетов

Экономика 0

Бишкек, 20.02.20. /Кабар/. Экономика министри Санжар Муканбетов коронавируска байланыштуу Кытай менен чек ара жабылгандан кийин ишкерлерди колдоо боюнча кандай иштер аткарылып жатканын "Кабар" агенттигине айтып берди.

Анын айтымында, январь айынын ортолорунда Кытайда Жаңы жыл майрамы болгондуктан жылдын биринчи чейрегинде башкаларына караганда көрсөткүчтөр төмөн болот.

"Жылдын биринчи чейреги боюнча маселе жаралбашы керек. Бирок бул көрүнүш созулуп кетсе, маселе жаралышы мүмкүн", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул боюнча министрлик иш алып барууда. Анын айтымында, жүргүзүлгөн анализге ылайык Кытайга экспорттун көлөмү 0,2%га азайышы мүмкүн.

"Буга байланыштуу чоң жоготуулар болбошу үчүн министрлик тарабынан антикризистик программа иштелип чыгууда. Биз ишкерлер, ташуучулар менен жолугуп, кеңештерди берүүдөбүз, башка рынокторду караштырып жатабыз", - деди ал.

Министр белгилегендей, Кыргызстанга жылына орточо 900 млн доллар инвестиция келет. Анын 30%ы Кытайдын инвестициялары.

Пикир

Оставить комментарий