• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

А.Атамбаевдин келиши менен КР жана РФнын мамилелери бир кыйла жакшырды – саясат таануучу

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Алмазбек Атамбаевдин Кыргызстандын Президенти кызматына келиши менен Кыргызстан жана Россиянын ортосундагы мамилелер бир кыйла жакшырды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясат таануучу, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов билдирди.

“Алгач Алмазбек Атамбаев КР Президенти кызматына келген кезде КР менен РФнын ортосундагы мамилелерде маселелер бар болчу, бирок кийинчерээк жакшырды. Айта турган болсок экономикалык жардамдарды, насыя алдык, эң башкысы – Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулду, бул эки өлкөнүн ишенимдүү мамилелеринен кабар берет”,-деди Э.Осмонбетов.

Эксперт Кыргызстандын бирдиктүү интреграциялык мейкиндикке кирүүсү менен Кыргызстан, Казакстандын өз-өзүнчө чек арасы болбой, жалпы ЕАЭБдин чек арасы болуп калганын белгиледи.

“Албетте, кандайдыр бир чекте биз геосаясий планда Россиянын тышкы саясий векторунда бара жатабыз, бирок улуттук кызыкчылыктардын эсебинде. Бул дагы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин жакшырганын айтып турат”,-деп кошумчалады саясат таануучу.

Эскерте кетсек, бүгүн, 28-февралда Кыргызстанга РФ Президенти Владимир Путин расмий иш сапары менен келди. Ал Кыргызстанда канча турары белгисиз. Бирок, 7-мартта Кыргызстанга ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын алкагында Россия премьер-министри Дмитрий Медведев дагы келери белгилүү.

Пикир

Оставить комментарий