• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Евробиримдик Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн 6,5 млн.евро бөлдү

Саясат 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Евробиримдик Кыргызстандын бюджетин колдоо үчүн грант жүзүндө 6,5 млн.евро бөлдү. Биринчи транш жакынкы күндөрү келип түшөт.

Маалыматка ылайык, бөлүнгөн грант өлкөнүн социалдык чөйрөсүн колдоого багытталган.

“Бул Евробиримдик тарабынан социалдык чөйрөнү колдоо программасына бөлүнгөн 26 млн. евронун экинчи төлөмү. Программа алкагындагы биринчи 4,25 млн. евро көлөмүндөгү төлөм 2016-жылдын башында жүргүзүлгөн. Программанын акыркы төлөмү 2019-жылдын аягында жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

ЕБ тарабынан көрсөтүлгөн колдоонун негизги максаты - калкка көрсөтүлүп жаткан социалдык жардамдын сапатын жана түрлөрүн кеңейтүү. Өзгөчө коркунуч тобуна кирген балдарга колдоо көрсөтүү, балдарды коргоо боюнча мамлекттик саясатты ишке ашыруу жана андан тышкары мураскорлукту өнүктүрүү.

Андан тышкары Евробиримдик маалымат жана техникалык жардам көрсөтөт. Атап айтканда, Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин жана Каржы министрлигинин кызматкерлерин окутуу.

Пикир

Оставить комментарий