• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Владимир Путин: “Россия кайсыл учур болбосун Кыргызстандан аскер базасын чыгарып кетүүгө даяр”

Саясат 0

Бишкек, 28-февраль /Кабар/. Россия кайсыл учур болбосун Кыргызстандан аскер базасын чыгарып кетүүгө даяр. Бул тууралуу бүгүн РФ Президенти Владимир Путин Президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен маалымат жыйын учурунда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Ал белгилегендей, Кант шаарындагы аскер базасы 1999-2000-жылдары Кыргызстандын ошол мезгилдеги жетекчилигинин өтүнүчү менен түзүлгөн, анда өлкө чек араны бузур кирген Афганистандык террорчулар тарабынан террордук актылардан жабыркаган. “Бул эл аралык террорчулар менен натыйжалуу күрөшүү мүмкүнчүлүгү болгон. Эгер качандыр бир кезде Кыргызстан республика өзүнүн куралдуу күчтөрүн бекемдеди деп айтса, биз өзүбүздүн аскер базабызды дароо чыгарып кетүүгө даярбыз”,-деди В.Путин.

Өз кезегинде Кыргызстандын башчысы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жолугушууда Россиянын Кыргызстандагы аскер базасын бекемдөө боюнча маселеси талкууланган жок. “Тескерисинче Россия биздин куралдуу күчтөрдү бекемдөөгө жардам бергиси келерин белгилеп кетким келет”,-деди А.Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий