• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында инвесторлорго шарт түзүү маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 05.07.23. /Кабар/. Энергетика министрлигинде энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө иш жүргүзгөн субъекттер менен жолугушуу өттү.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга 70тен ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуу энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча алектенген жеке ишкерлер менен суроо-жооп форматында уюштурулду.

Жыйындын негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү, инвесторлор менен иш алып баруу учурунда жаралган айрым маселелерди (жер, суу, күрөө) чечүү, ЭКБ боюнча мыйзамдагы өзгөртүүлөр боюнча ЭКБнын ассоциацияларына жана субъекттерине түшүндүрүү жана инвесторлорго шарт түзүп берүү болду.

Мындан улам, энергетика министри Таалайбек Ибраев жолугушууга тиешелүү тармактын адистерин чакырып, жеке ишкерлер менен бетме-бет жолуктуруп, ачык талкуу жүргүздү.

Жеке ишкерлердин негизги көйгөйү жер участогуна жана суу маселесине келип такалгандыктан, инвесторлор көпчүлүк суроону Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен, Айыл чарба министрлигинен, Жашыл энергетика фондунан келген өкүлдөргө узатышты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып, Чакан ГЭС курам деп жаратылышка зыян келтирип албоону эскертти.

“Урматтуу ишкерлер, бүгүн биз сизди угуу үчүн бул жерге чогулдук. Бүгүнкү күндө электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында тартыштык байкалууда. Буга байланыштуу биз сиздер үчүн иштөө үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз. Учурда ишкананы жана жабдууларды күрөөгө коюу боюнча мыйзам кабыл алынды. Президент кол койсо ал күчүнө кирет. Президент бизге электр энергиясына болгон тартыштыкты жоюу боюнча тапшырма койгон. Бүгүнкү күндө биздин максаттарыбыздын бири генерацияны көбөйтүү. Сиздер менен жолугушууну уюштуруунун негизги максаты силерди колдоо жана чечилбей жаткан көйгөйлөрдү угуп, чечип берүү болду. Чакан ГЭС курам деп жерди алып жатасыздар. Эгерде берилген жерге убагында ГЭСтин курулуш ишин баштабай, жөн гана жерди кармап жата берсениздер, анда биз кайра алып коебуз. Жерди бизден алып, бирок кайра башкага сатууга да тыюу салабыз”- деди Бакыт Төрөбаев.

Таалайбек Ибраев энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча обьектилерди куруу үчүн ишки жана тышкы инвесторлор менен байма-бай сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, ЭКБны Кыргызстанда тезинен өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлердин көпчүлүк маселеси чечилгенин жана айрым чечиле элек көйгөйлүү маселелерин чечүү зарыл экенин билдирди.

Белгилей кетсек, жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, энергетика министри, Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Айыл чарба министрлигинин, Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин, ЭКБ жашыл электр станциялар ассоциациясынын төрагасы, фонддун өкүлдөрү, ЭКБ ассоциациялары жана субъекттери катышты.

Пикир

Оставить комментарий