• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатры оңдоп-түзүүдөн өткөрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Кинематография департаментинин Жумгал райондук мамлекеттик кинодирекциясы Чаек айылындагы “Соң-Көл” кинотеатрынын имаратын капиталдык оңдоого тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка ылайык, пландалган сумма 10 млн 354 миң 846 сомду түзөт.

Сынактык арызды берүүнүн мөөнөтү – 10-июнь.

Пикир

Оставить комментарий